Кара-Суу базарынын ишкерлери көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотулат. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Ошондой эле мекеменин маалыматына ылайык 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыккан соодагерлер тарап, соодасын улантып жатышат.
Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат.
Азыркы учурда стратегиялык объекттерге «Дордой» жана “Тураталы эл базары» (Кара-Суу) базарлары кирет.
Стратегиялык объекттерге кирген базарларда иштегендер 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда көзөмөл-кассалык машинасын (ККМ), электрондук эсеп фактура (ЭЭФ) жана товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТК) колдонуудан бошотулушат.
«Кара-Суу» жана «Дордой» базарларынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат
