Мамлекеттик ипотекалык насыяга азыр кезекте турган 13 миң адам 2024-2025-жылдары үй менен толук камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Бишкекте жаштар форумунда сүйлөп жатып билдирди.


Президент соңку жылдары эки миңдей киши мамлекеттен жеңилдетилген шартта ипотекага үй алгандыгын белгиледи.


«Мен бийликке келгенде Ипотекалык компаниянын саясатын жүз пайыз өзгөрттүк, ал банк сыяктуу эле компания болуп калган экен, банктан насыя алып, 14% менен ипотека аласың, 30% алдын ала төлөйсүң деген. Анын баарын жоюп, 4% кылып, алдын ала эч кандай акча төлөбөй, бөлмөлөрдүн санына жараша 15-20 жылга чейин төлөп кете бересиң деген саясатты жүргүзүп келе жатабыз. Мен келгенден бери 1,5-2 миңдей үй-бүлө үйлүү болду. Азыр эми кезекте 13 миң адам турат республика боюнча, алардын көпчүлүгү мамлекеттик кызматкерлер. 2024-2025-жылдары 13 миңди тең толук камсыз кылып бүтөбүз. Андан ары 2030-жылдарга чейин ар бир жараныбызга, мейли жаштарбы, мигрантпы, базарда отурабы, ипотекалык үйлөрдү бере баштайбыз» – деди президент Садыр Жапаров.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *