Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн атайын унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады.

Анда төрт райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилерине жаңы унаалардын ачкычын Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тапшырды.

“Социалдык унаа” салонунда документтерди тариздөө, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн үстөл орнотулуп, аялдарды жана балдарды ташууга, мобилдик топтун кызматкерлерине шарттар түзүлгөн. Бул кызмат суткасына 24 саат, жумасына 7 күн көрсөтүлөт.

 Социалдык унаалар ырайымсыз же зомбулукка кабылган балдарга тез жардам көрсөтүүгө керек. Андан сырткары интернатка которууда , соттук териштирүүгө, медициналык кароолорго балдарды коштоп жүрөт. Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө кайырчылыкка, селсаяктыкка катышкан аялдарды жана балдарды, кароосуз калган жашы жете электерди аныктоодо шашылыш барууга пайдаланылат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *