1-апрелден тарта жеке колдонуу үчүн товарларды бажы алымсыз ташып келүүнүн босогосу өзгөрдү.
Буга чейин,чет элдик интернет-дүкөндөрдөн товарга буйрутма берген жарандарды колдоо максатында убактылуу жеңилдиктер киргизилген. Ага ылайык, 2022-жылдан бери интернет-дүкөндөрдөн буюртма кылган товарлардын баасы 1000 евродон ашпаса пошлина төлөнчү эмес. 1-апрелден тарта бул жеңилдик алып салынды.
Мындан ары учактан башка транспорт менен ташылган товардын наркы 500 евродон жана/же 25 килограммдан ашпаса бажы төлөмү алынбайт. Эгерде ашса товардын наркынан 30 пайызын төлөйт, анткен менен суммасы килограммына төрт евродон ашпашы шарт.
Ал эми почта же экспресс-жүк аркылуу алынган пошлинасыз товарлардын баасы 200 евродон жана/же 31 килограммдан ашпашы керек. Мындан жогору суммада же салмактагы товар үчүн анын наркынан 15 пайызы алынат, бирок килограммына эки евродон ашпашы керек.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *