Президенттин жарлыгын бир айлык мөөнөттө аткарбагындар ээлеген кызматынан бошотулат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-январында өлкө жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин жакшыртууга багытталган жарлыкка кол койгон. Бирок айрым жетекчилер аны аткарбай коюунун айласын көрүп жатышат.

Алагөзовдун айтымына караганда, аталган жарлыкка ылайык аймактарда жер тилкелери жарандарга ипотекалык негизде турак жай куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилиши керек болчу. Президент мамлекеттик ипотекалык үйлөр жарандардын баарына берилерин айтып, бул боюнча жарлыгы быйыл январда чыккан.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *