Улуттук статистка комитетинин өткөн жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда 116 миңге жакын педагог эки миллионго жакын баланы окутат.
Эске салсак,Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим иштейт. Былтыр 1-сентябрда мектеп босогосун 150 миңдей бала аттаган.