Сот Биринчи май акимчилигинин «Тынч чогулуштарды өткөрүү жерлерин чектөө жөнүндө» токтомун мыйзамдуу деп табуу боюнча арызын канааттандырган. Ага ылайык, тынчтык акцияларын өткөрүүгө тыюу 30-июнга чейин узартылды.
Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Жогорку Кеңештин имаратынын жана ага чектеш Панфилов сейил багынын, Президенттин администрациясынын жанында, Таттыбүбү Турсунбаева аянтынын, Жогорку Соттун, Орусия элчилигинин, УКМКнын, Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынган.