Ошто чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жаңы имараты ачылды

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин көмөгү менен жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов министрликтин өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышышты.

Жаңы борбор жарандарды мыйзамдуу жана коопсуз түрдө чет өлкөдө ишке орноштурууга багытталып, маалыматтык-кеңеш берүү, документтерди даярдоо жана коштоо кызматтарын көрсөтөт. Мындай шарттар жарандардын укуктарын коргоого, мыйзамсыз миграциянын алдын алууга жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *