Камчыбек Ташиевге эки берене боюнча айып тагылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча айып тагылды.

Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси «Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу», ошондой эле 337-беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча айыпталууда.

Камчыбек Ташиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы белгилүү болду.

28-апрелде Камчыбек Ташиев сурак берип чыкканы маалымдалган.

Андан кийин Ташиев өзү билдирүү таратып, эч кандай күнөөсү жоктугун билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *