Балдар үчүн ишеним телефону аталган 111 номерине чалгандарды саны өстү. Ар бир жети-8 мүнөттө чалуулар, кайрылуулар катталат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашты.
Аталган кызматка өткөн жылы 80 миңден ашуун телефон чалуулары түшкөн. Арасынан балдар тарабынан чалуулар 30% гана түзөт, калганы ата-энелерден.
Чалгандарга социалдык жардам көрсөтүү, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук көрсөтүү, баланы тарбиялоо жана жүрүм-турум, мектеп рэкети ж. б. маселелер боюнча жардам талап кылынган.
Ар бир кайрылуу боюнча консультациялар жана сунуштар берилди, зарыл болгон учурда маалыматтар мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү.
