«Асман» шаарынын курулуш долбоорун ишке ашыруу быйыл май айында башталат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында азыркы учурда документ иштерине байланыштуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле Инвесторлор тарабынан техника-экономикалык негиздемени кайра иштеп чыгуу боюнча акыркы баскычтагы жумуштар аткарылууда.

Эске салсак, Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 2023-жылдын 30-июнунда капсула салынган. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана чет элдик инвесторлор катышкан.

Ысык-Көл райондагы Чырпыкты айылынын карамагындагы жерге салына турган шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, 700 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат. «Асмандын» курулушуна алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миллиард доллар сарпталат. Курулуш иштери толугу менен инвесторлордун эсебинен ишке ашырылат. Алдын ала маалымат боюнча, «Асман шаары» 10 жылда толук курулуп бүтөт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *