Сиз өзүңүздүн дене түзүлүшүнүз же сырткы келбетиңиздеги артыкчылык менен кемчилдиктерди жашоо образыңыз аркылууөзгөртүп алсаңыз болот. Ага атайын адистердин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы себеп. Тагыраагы өз убагында эс алуу, иштөө же тамактануунуз сырткы келбетиңизге түздөн-түз таасир берет.


1) Психикалык чарчоо
Атайын изилдөөлөргө ылайык мээнин активдүү эс алуусу кечки саат 21:00дөн 23:00гө чейинки убакытты түзөт. Эгерде сиз саат 23:00дөн кийин уктасаңыз, убакыттын өтүшү менен мээңиз активдүү эс алуусун жоготуп, натыйжада психикалык жактан чарчайсыз. Ошентип нерв системасынын бузулушу менен сизде алсыздык, баш оору, шалдыроо сыяктуу абал пайда болот. Ал эми түнкү саат 1ден 3кө чейин уктабасаңыз, ашыкча агрессивдүү жана ачуулуу болуп калышыңыз мүмкүн.

2) Сулуулуктун жоголушу
Убагында уктоонун сырткы сулуулукка да таасири чоң. Себеби уктоо учурунда теридеги клеткалар активдүү жаңыланып, тканьдар калыбына келет.

3. Ашыкча салмак
Окумуштуулар аныкташкандай өз убагында уктабаган адамдар бат семиришет. Уйкунун аздыгы зат алмашуу процессин жабыркатат. Натыйжада аз убакыттын ичинде көп салмак кошуп алышыңыз ыктымал.

4. Иммунитеттин начарлашы
Түндөсү организм калыбына келип иммундук системалар бекемделет. Иммундук системанын клеткалары активдүү иштеп, күндүз организмге кирген бардык патогендик микро организмдерди жок кылат.Ошондой эле уйкунун жетишсиздиги менен сасык тумоо, же курч респиратордукар вирустук инфекцияга бат кабыласыз.

5. Карылык
Эгер сиз 8 сааттан уктасаңыз кан айлануу системасы жакшы жүрөт. Жетиштүү уктоо клеткаларды калыбына келтирет. Түнкү уйкуда бырыштарды түздөө процесси жүрөт жана терилериңиз жылмакай болуп өңү жакшырат.

Которгон: Алтынай Гапарова

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *