Ош шаарынан Кытайдын Кашкар шаарына аба каттамдарын ачуу сунушталды. Мындай демилгени Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында маалымдады.
Кашкар — Кытай Шинжаң-Уйгур автоном районунун түштүк-батышында жайгашкан шаар. Калкынын саны — 570 000 адамды түзөт.
Эске салсак министрлер кабинетинин төрагасынын кытайга болгон иш сапары эки күнгө созулат. Анын алкагында Кыргызстан, Өзбекстан жана Синзянь уйгур автоном районунун өкмөттөрүнүн жолугушуусуна катышат.
