Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык боюнча штабдын жыйыны өттү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйында алдыда жасалуучу жумуштарга активдүү катышып, тазалоо жана жашылдандыруу багытына кайдыгер карабоо керектиги айтылды.

Соңунда жооптуу кызматкерлерге тийиштүү талаптар коюлуп, жазгы үч айлык боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *