Кыргызстанда 2026-жылы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, мындай чечим Бишкекте ШКУ саммитинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүнө байланыштуу кабыл алынган.
Окуу процесси 25-майда аяктайт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт, ал эми ШКУнун юбилейлик саммити Бишкекте 31-августтан 1-сентябрга чейин уюштурулат. Саммитке уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери, ал эми Көчмөндөр оюндарына 100дөн ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.


