Бүгүн, 6-апрелде суу каптоодон жабыр тарткан казак элине Кыргызстан гуманитардык жардам жөнөттү.


Бүгүн таңгамаалкы саат 4:00дө ӨКМдин гумжардам кербенин министр Бообек Ажикеев Бишкек шаарынан узатты.


Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган. Анда күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жеткирилет.
Белгилей кетсек, Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей адам, анын ичинен 6 миң бала эвакуацияланган. Убактылуу пункттарында 4 миңден ашуун жаран, 200дөй бала жайгашкан.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *