Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте жаңы Улуттук вакцина кампасынын курулушу башталганын билдирди.
Бул объект препараттарды ишенимдүү сактоого жана өлкөнүн бардык аймактарына үзгүлтүксүз жеткирүүгө шарт түзөт.
Долбоор 1 миллион 267 миң долларга бааланып, ГАВИ менен ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу ишке ашырылууда.
Жаңы кампада температураны көзөмөлдөөчү заманбап системалар, реалдуу убакыттагы мониторинг, резервдик электр булагы жана запастарды башкаруучу санариптик инструменттер болот.


