Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоордук макулдашууга кол коюлду

Вашингтондо Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда REMIT долбоордук макулдашуусуна кол коюлду.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, документ өлкөнүн энергетика тармагын модернизациялоого жана Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык рыногуна интеграциялоого багытталган.

Биринчи этапта Кыргызстанга 40 млн доллар бөлүнөт. Бул каражат Жалал-Абад облусундагы 220 кВ «Торобаев» жана «Кристалл» подстанцияларын жаңылоого, ошондой эле 220 кВ «Кристалл — Юлдуз» электр берүү линиясын Өзбекстандын чек арасына чейин курууга жумшалат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *