Президент Садыр Жапаров өлкөдө электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөр тууралуу түшүндүрмө берди. Ал Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСиндеги реконструкциялоо үчүн 5-марттан тарта чектөө коюлганын маалымдады.
Өлкө башчы Электростанциялардын учурдагы кубаттуулугу 290 МВт саатка азайганын, электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкканын белгиледи. Президент Токтотул ГЭСинен “суу сатылат” деген сөздөрдү четке кагып, андай мүмкүн эместигин, ал жерде онлайн камералар орнотулуп, “баары түздөн түз көзөмөлдө экенин” кошумчалады.
Эске салсак, Кыргызстандагы энергиянын чордону саналган Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү соңку күндөрү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөдү. Бул акыркы жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүч. Эгерде суу 6,5 млрд куб метрден төмөн түшсө, анда ГЭСте авариялык абал жаралат.