Оштогу мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканада эмгектенген кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана стол тенниси боюнча мелдеш өттү. Иш чараны Ош шаарынын мэриясы менен дене тарбия жана спорт комитети 8-март аялдардын эл аралык майрамынна карата уюштурган.


Мелдеш 2024-жылдын 5-6-март күндөрү Ош шаарындагы “Кыргыз-Иран достугу” спорт залында жана “Ош шаардык теннис жана стол тенниси» спорт мектебинде болуп өттү.
Майрамдык салтанатка карата уюштурулган саамалыкта спорттун волейбол түрү боюнча 14 команда, ал эми стол тенниси оюну боюнча 10 спортчу күч сынашты.

Жыйынтыгында волейбол оюну боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын айым кызматкерлеринин курама командасы 1-орунду, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын командасы 2-орунду жана Керме-Тоо Муниципиалдык Аймактык Башкармалыгынын командасы 3-орунду камсыз кылышты.

Ал эми стол тенниси боюнча катышкан оюнчулардын арасынан Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери 3-орунга ээ болду.
Жеңүүчүлөргө Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан кубок, медалдар жана баалуу белектер тапшырылды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 8-март-Аялдардын эл аралык күнү менен бардык айымдарды куттуктап, Ош шаардык мэриясына жана Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине спорттук иш-чараны мыкты деңгээлде уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет!

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *