Ош шаарындагы А.Шакиров көчөсүнүн инфраструктурасы жаңыланат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу А.Шакиров көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө көчөнүн жол катмарынын абалы, тротуарлар, ирригациялык тутумдар, жарыктандыруу жана жашыл аймактарды иретке келтирүү маселелери каралып, кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле көчөнүн инфраструктурасын этап-этабы менен жаңылоо, жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүү жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерин ыкчам баштоо тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *