Бакен Кыдыкеева атындагы «Жаш көрүүчүлөр» театры 1989-жылы негизделип, 36 жыл бою өзүнүн жеке имаратысыз иштеп келген. 2024-жылы имарат толугу менен театрдын карамагына өткөрүлүп, 2024-2025-жылдары Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Жаңыланган имарат заманбап жарык, үн, механикалык жабдуулар, видеобайкоо системалары жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу креслолор менен толук жабдылган. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, көрүүчүлөр жана чыгармачыл жамаат үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Театр 36 жылдык тарыхында алгач ирет толук кандуу өз имаратына ээ болуп, жаш көрүүчүлөрдүн руханий тарбиясына кызмат кылууга жаңы дем менен киришти.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *