Ашкана-кафелер жана косметологиялык кызмат көрсөткөн жайлар күтүүсүз текшерилиши мүмкүн

Ашкана-кафелерди жана косметологиялык кызмат көрсөткөн жайларды күтүүсүз текшерүүгө уруксат берүү каралууда.Мыйзамга ылайык, жаңы ачылган ишканалар үч жыл бою текшерилбейт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги мындан улам туристтик сезондо коомдук тамактануу жайлары көзөмөлсүз калып, уулануу жана жугуштуу оорулардын жайылуу тобокелдигин күчөтөрүн белгиледи.

Ушуга байланыштуу эл тамактанган, медициналык кызмат көрсөткөн жерлерди текшерүүгө коюлган чектөөнү алып салуу сунушталууда.

Мындан тышкары, калктын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учурларда объектилердин ишин убактылуу токтотууга уруксат берүү демилгеленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *