2026-жылы Кыргызстанда айлык маяналар эки этап менен көбөйтүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев УТРКга берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, биринчи этапта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият тармагынын жана тейлөө кызматкерлеринин айлыгы кеминде 50 %га көтөрүлөт. Бул өзгөртүү 2026-жылдын башынан тарта ишке ашат.
Экинчи этап 1-сентябрдан баштап жүргүзүлүп, анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы 50 пайызга чейин көбөйтүлөт.
Касымалиевдин маалыматына караганда, айлык акыларды көтөрүүгө жылдык эсеп менен 57 млрд сомго жакын кошумча каражат талап кылынат. Анын ичинен 39 млрд сом 2026-жылдын бюджетине алдын ала киргизилген.
Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, экономиканын өсүшү жана бюджетке түшкөн кирешелер айлык маяналарды мындан ары да жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

