Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Улуттук лабораториялык кызматты түзүү боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйында лабораториялык диагностиканын бирдиктүү жана туруктуу тутумун калыптандыруу, мамлекеттик жана жеке сектор үчүн сапатка, отчеттуулукка жана башкарууга карата бирдей талаптарды киргизүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле эл аралык стандарттарды колдонуу, мониторинг үчүн санариптик чечимдерди киргизүү жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу каралды. Мындан тышкары, медициналык калдыктарды башкарууда көзөмөлдү күчөтүү жана зыянсыздандыруу, утилдештирүү технологияларын киргизүү сунуштары айтылды.

