Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы чечимине ылайык, 13-округда Бактыбек Сыдыковго берилген добуштар гана жокко чыгарылды. Ал буга чейин бул округда эң көп добуш алган талапкер болчу.
Бул округдагы шайлоо участкаларда уруксатсыз видеого тартуу фактыларына байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 1-мартка дайындалып, жаңы талапкерлер каттоодон өткөн, ал эми мурдагы талапкерлерге кайра катышууга тыюу салынган.
Азыр болсо милиция мыйзам бузуу Сыдыковдун тарапташтары тарабынан гана болгону аныктагалганын билдирди.
Натыйжада, добуш саны боюнча кийинки орундарда турган Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекова депутаттык мандат алмай болду.

