Акжол Махмудов болгариялык Айк Мнацаканянды жеңди

Бишкектеги Кичи аренада күрөш боюнча Super 4 Wrestling эл аралык турнири өттү. Мелдештин байге фонду 300 миң доллардан ашат.

Турнирдин атайын беттешинде Акжол Махмудов 82 кг салмакта болгариялык Айк Мнацаканянды 5:2 эсебинде утуп алды. Натыйжада Махмудов 10 миң доллар, Айк Мнацаканян 5000 доллар утту.

Бул балбандардын ортосундагы жеке эсеп буга чейин 2:2 болчу.

Мындан тышкары аталган турнирде 1-орунга татыган Бекзат Алмаз уулу 10 миң доллар, 2-орунду ээлеген Билол Шарип уулу 5000 доллар утту. Ал эми 3-орунду алган Малик Шаваев менен Орозобек Токтомамбетов 3000 долларга ээ болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *