Россия тарап Кыргызстан менен байланыштырган авиакаттамдардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн карайт. Бул маалымат Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавровдун жолугушуу учурунда айтылды.

Эки тараптын 23-октябрдагы жолугушуусунун жыйынтыгында маалымат жыйын уюштурулган.

С.Лавровдун айтымында, бул маселе эпидемиологиялык абалдан көз каранды.

«Бул маселе менен Росавиация жана коронавирустун жайылышына каршы турган тиешелүү органдар алектенип жатышат», – деди министр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *