Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган «Жеңиш ырлары» автожүрүшү өттү.
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү катышты.
Колонна Бишкек — Байтик — «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси — Арашан — 73809 аскер бөлүгү — Беш-Күнгөй — Бишкек багыты боюнча жүрдү. Катышуучулар «Жеңиш» мемориалына гүл коюп, курман болгон баатырларды эскеришти жана согуш жылдарындагы ырларды аткарышты.
Бишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттү




