Канатбек Чыныбаев сел коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.
Ошондой эле жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан.
Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу, Алай райондорунда сел жүрүп, бир нече турак-үйлөр жана социалдык обьекттер жабыркаган. Жолдор жабылган.
Баткен жана Жалал-Абад облустарынын бир катар аймактарында да сел суулары турак үйлөрдү каптаган болчу.


