Забиулла Моджахеддин айтымында, сокку борбор калаадагы баңгизатка көз каранды адамдарды реабилитациялоо борборуна тийген.
Алдын ала маалымат боюнча 250дөн ашуун адам каза болуп, 400дөн ашуун адам жаракат алды.
Афган бийлиги бул окуя жоопсуз калбай турганын билдирди.
Ал эми Пакистан бийлиги жарандык объектке сокку урганын четке кагып, операциялар аскердик буталарга гана багытталганын айтты.
Эске салсак, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу февралдын аягынан бери күчөп жатат. 27-февралда Афганистан Пакистанга каршы аскердик кампания башталганын жарыялаган.
Март айынын башында Пакистан Баграм авиабазасына сокку урган. Бул база акыркы 20 жылда АКШнын Афганистандагы аскердик операцияларынын негизги борбору болуп келген.
Акыркы апталарда Пакистан армиясы Кабулга бир нече жолу сокку урганы айтылууда.

