Салык кызматы турак эмес мүлк объектилерине салынуучу салык квартал сайын тең үлүштөр менен төлөнөрүн эскертти.
Төлөө мөөнөттөрү 20-мартка, 20-июнга, 20-сентябрга жана 20-декабрга чейин белгиленген.
Эсептелген суммалар тууралуу маалыматты сайтындагы жеке кабинеттен көрүүгө болот. Мындан тышкары, эсептөөлөр туура болушу үчүн мүлк документтерин «Кадастр» мекемесиндеги маалыматтар менен салыштырып чыгуу сунушталат.

