Шаардын борбордук аянтындагы майрамдык иш-чаралар саат 11:00дө башталат.
Салт боюнча сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү өтөт. Ошондой эле жергиликтүү бийлик күндүз жана кечинде эстрада жылдыздары катышкан концерттерди өткөрүүнү пландап жатат. Мындан тышкары спорттук мелдештер да болот.
Шаардын башкы аянтына боз үйлөр тигилип, «Нарында жасалган» бренди менен чыгарылган продукциялардын жарманкеси уюштурулат.

