ОшМУ Евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги университеттердин рейтингинде (“IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) – 2023”) алдыңкы үчтүккө кирди. Бул тууралуу билим берүү жана илим минситрлиги кабарлады.


Маалыматка ылайык аталган рейтинг боюнча биринчиге Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, экинчиге Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университети, үчүнчүгө Ош мамлекеттик университети чыкты.
Эл аралык рейтингге Казакстан, Нидерландия, Индия, Түркия, Латвия, Азербайжан, Молдова, Армения, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин алдыңкы университеттери катышты.


Рейтинг жүргүзүү эл аралык методикалык стандарттарга негизделип иштелип чыккан жана ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнүн сапатын комплекстүү баалоого багытталган.
Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университети – 2022-жылы Кыргызстанда өзгөчө макам алган беш университеттин бири.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *