Жогорку Кеңеш абакта отургандарга мунапыс берүү мыйзамын кабыл алды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоорунун негизинде анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон тѳмѳнкү адамдарды жазадан бошотуу сунушталат:

— 60 жаштан ашкан эркектерди жана ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдарды;


— ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды;


— жашы жетелек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды.

Муну менен катар, анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды;
— жалгыз бой эне болуп саналган аялдарды;
— көп балалуу аялдарды.

Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдарды жана жашы жетелектерди бошотуу сунушталат.

Мунапыс берүү мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын Жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу иштелип чыккан.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *