Алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочуларын бири Молдо Нияздын 200 жылдыгы декабрь айында Кадамжай районунда белгиленет. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы кабарлады.

Ага ылайык учурда Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылындагы тарыхый жайга айланып калган үңкүрдү оңдөп түзөө иштери жүрүүдө. Дал ушул жайда Молдо Нияз балдарга таалим берген. Саамалыкка утурлай Молдо Нияздын уулу Мурзакулдун жашап откон үйү,Кызыл Булак айылындагы М.Нияз мектебинде жайгашкан музейи да оңдолуп, мектептин алдындагы 530 метр жолго асфальт төшөлдү.

Оңдоп түзөө иштерине Кажамжай райондук өнүктүрүү фондунан 3 млн сом жана жергиликтуу бюджеттен 971 мин сом болуп берилген. Ошондой эле демөөрчүлөрдүн колдоосу менен тарыхый жайдын айланасын жакшыртуу иштери журүүдө.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *