Азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 114-209- жана 209-250-чакырым аралыктары тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө Токтогул районунун Арал постунан да киргизилди.
Өлкөнүн башка ашууларында да жааган кар жолчулар тарабынан тазаланып, инерттик материалдар себилип жатат. Каттам бар.
Баса белгилей кетчү жагдай, чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда.
Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.

