Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Вьетнамдан утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча Олимпиадалык курама командасы Вьетнамга жеңилип калды. Мелдеш 1:2 эсеби менен жыйынтыкталды.

Оюндун биринчи бөлүгүндө биринчи голду атаандаш киргизип, андан кийин кыргызстандык Марлен Мурзахматов эсепти теңеген. Оюндун экинчи бөлүгүндө вьетнамдык футболчулар дагы бир гол киргизишти.

Беттеш Сауд Арабиянын Жидда шаарындагы «Кинг Абдулла Спорт Сити» стадионунда өттү.

Айта кетсек, Жиддада U-23 категориясындагы Азия кубогу үчүн тайпадагы беттеш өтүүдө. 6-январда Кыргызстан Сауд Арабиянын футболчулары менен ойноп, 0:1 эсебинде утулуп калган. Эми 12-январда Иордания менен кез келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *