Трамп Мексикадагы бангизат сатууга байланыштуу объекттерге сокку урууларын эскертти

АКШ президенти Дональд Трамп Fox Newsке берген маегинде Мексикадагы бангизат сатууга байланыштуу объекттерге сокку уруулар башталарын билдирди.

Анын айтымында, АКШ деңиз аркылуу келген бангитрафиктин 97%ын бөгөттөдү, эми негизги көңүл кургактагы маршруттарга жана картелдерге бурулат.

«Картелдер Мексиканы башкарып жатат. Бул өлкө менен эмне болгону өтө кайгылуу. Бирок чындык — бийлик алардын колунда»,- деди Трамп.

Президенттин сөзүнө караганда, АКШда жыл сайын 250–300 миң адам бангизаттан көз жумат, ошондуктан Вашингтон бул коркунучка каршы катуу чара көрүүгө даяр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *