Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча курулуп жаткан 100 орундуу имараттын жана жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Шаар башчысы 100 орундуу бала бакчанын курулуш иштерин жеринде көрүп, буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерди.

Мындан тышкары, объектте иш алып барып жаткан куруучулар үчүн чай уюштурулуп, мэр алар менен бир дасторкондо олтуруп баарлашты.

Азыркы учурда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык “Асан-Үсөн” бала бакчасынын терезелери жаңыланып, имараттын фасады оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле балдар ойноочу аянтчаларды куруу иштери аяктап, объект жакынкы күндөрү пайдаланууга берилмекчи.

