Мектепте акча чогулткандарга ири суммадагы айып пул салуу сунушталды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон.

Ал мектепте акча чогултууга тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгы чыкканына карабай, бул көрүнүш уланып жатканын айткан. Мыйзам долбооруна ылайык, акча чогулткан жеке жактар 20 миң сом айыпка жыгылат. Ушундай эле иштер коомдук фонддорду түзүү жолу менен жасалса, жеке жактар 40 миң, юридикалык тараптар 60 миң сом айып төлөйт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *