Кыргызстанда хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты башталды. Кыргызстандын курама командасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн ат салышат. Улуттук команда бул үчүн Мексика, ТАР, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланд менен күч сынашмакчы.

Турнирди ТАР менен Мексиканын командалары баштап берди. Түштүк Африканын оюнчулары мексикалыктарды утуп алды, андан соң Түркмөнстан менен Люксембург ойноду. Аталган беттештерден кийин чемпионаттын ачылуу аземи өтүп, артынан эле Кыргызстан — Таиланд мелдеши башталды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *