The New York Times 2026-жылы саякаттоого сунушталган багыттардын тизмесине Тянь-Шань тоолорун киргизди

Басылма Теңир-Тоо аркылуу Кыргызстандын чыгышынан батышына чейин өткөн 1 243 чакырымдык маршрутту сунуштап, Борбор Азиядагы жөө саякаттаганга эң ыңгайлуу маршруттардын бири деп атады.

Негизги көрө турган жайларга Кел-Суу, Таш-Рабат жана Саймалуу-Таш кирген.

Редакторлор аймакты июнь-сентябрь айларында кыдырууну сунушташкан. Бул мезгилде ашуулар ачык болуп, бийик тоолуу көлдөрдү муз каптай элек болот.

2026-жылы Борбор Азиядан бул тизмеге кирген жалгыз өлкө Кыргызстан болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *