Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы булганган ири шаарлардын алдыңкы үчтүгүнө кирди

Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы эң катуу булганган ири шаарлардын алдыңкы үчтүгүнө кирди. Бул тууралуу абанын сапатын эл аралык мониторинг жүргүзгөн уюмдардын маалыматы тастыктайт.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын борбору учурда абанын сапатынын индекси (AQI) боюнча 281 балл менен үчүнчү орунда турат. Бул көрсөткүч «ден соолукка өтө зыяндуу» категориясына туура келет.

Антирейтингдин биринчи сабында Пакистандын Лахор шаары жайгашып, анда AQI 398 баллды түзүп, «өмүргө кооптуу» деңгээл катары бааланган. Экинчи орунда Египеттин Каир шаары — 384 балл.

Адистердин айтымында, абанын мындай деңгээлде булганышы калктын саламаттыгына олуттуу коркунуч жаратат. Айрыкча балдарга, улгайган адамдарга, ошондой эле дем алуу жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар жарандарга терс таасири күчтүү.

Шаар тургундарына мүмкүн болушунча ачык абада узак убакыт болбоо, коргоочу маскаларды колдонуу сунушталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *