Кыргызстан 2026-жылы россиялыктар үчүн эс алуу эң арзан болгон чет өлкөлүк багыттардын тизмесине кирди.
Аналитиктердин эсептөөсү боюнча, биздин өлкөдө эки адам үчүн бир жумалык эс алуу 105 миң рублду түзөт.
Мындан арзаныраак эс алуу Беларусияда — 80 миң рубль жана Өзбекстанда — 93 миң рубль болот.
Кыргызстан бул рейтингде үчүнчү орунду ээледи. Тизмеге ошондой эле Армения, Грузия жана Кытай да кирген.
