Улуу Британия Украина үчүн Nightfall аттуу жаңы баллистикалык ракета долбоорун баштоону чечти. Бул ракеталардын учуу аралыгы 500 чакырымга чейин, ал эми согуштук бөлүгү 200 кг болот. Маалыматты Улуу Британиянын Коргоо министрлиги тастыктады.
Долбоордун алкагында өкмөт үч топко конкурс жарыялады. Ар бирине 9 млн фунт стерлингден бөлүнүп, 12 айдын ичинде алгачкы үлгүлөрдү жасап, сыноо учурууларын өткөрүү тапшырмасы берилет. Келишимдер март айында түзүлмөкчү.
Британия Nightfall ракетасынын бир даанасы 800 миң фунттан ашпоосун жана айына кеминде 10 ракета чыгарууну пландап жатат. Курал ар кандай унаалардан атылып, бир нече мүнөт ичинде кайра ордун алмаштыра алат.
Ракеталар GPS аркылуу багытталып, тактыгы 5 метрден ашпайт деп күтүлүүдө. Учурулгандан кийин бутасына жетүү убактысы 10 мүнөттөн аз болот. Лондон бул куралды Украина үчүн арзан, күчтүү жана экспорттук чектөөлөрү аз деп мүнөздөдү.
