Нарын облусунун Ак-Талаа районунда катуу суукка байланыштуу окуучулар аралыктан окууга өткөрүлдү.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, катуу суукка байланыштуу окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жалпы билим берүү мекемелеринде окуу процесси убактылуу аралыктан уюштурулат.
Мындай чечим 11-январда акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жетектеген ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынган. Ошол эле учурда райондогу бала бакчалар кадимки тартипте иштеп жатканы кабарланды.
Бүгүнкү күндө Ак-Талаа районунун аймагында абанын температурасы −30…−35 градуска чейин төмөндөп жатат.
