
Ош мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, Манас-Ата аймактык башкармалыгынын аймагында муниципалдык айып короо жайы даярдалууда. Учурда унаа токтотуучу жайдын аймагында бир канча иштер жүрүп жатат.

Тактап айтканда тирөөч дубалдар курулуп, «Ошсвет» ишканасы тарабынан аймакка заманбап жарыктандыруу системасы орнотулууда. Мындан тышкары, аймак грейдер техникасынын жардамы менен тегизделип, айланасына тосмолор тургузулуп жатат. Бул жай 50-60 унаага ылайык жайгаштырылат
