Жалал-Абад облусунда абакты кайтарып турган жоокер өзүнө ок чыгарып, каза болду. Бул маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 5-январда саат 15:25 чамасында болгон. ЖАМКнын Кайтаруу жана конвой департаментинин 5-кайтаруу батальонунда кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер №10 түзөтүү мекемесинде күзөттө турган учурда өзүнө ок чыгарган.
18 жаштагы жоокер алган жаракатынан окуя болгон жерде көз жумган.
Учурда бул факт боюнча Жалал-Абад гарнизонунун аскердик прокуратурасы тарабынан соттук өндүрүшкө чейинки иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Окуянын бардык жагдайлары такталууда.
