Акча алмаштыруучу жайлар айрым кардарлардын каражатынын булагын текшерет

Эми акча алмаштыруучу жайлар айрым кардарлардын каражатынын булагын текшерет. Чара кылмыштуулукту каржылоого жана мыйзамсыз каражаттарды адалдоого каршы багытталган.

Улуттук банктын токтомундагы негизги талаптар:

100 миң сомдон 1 млн сомго чейинки операцияларда кардардын өздүгүн аныктаган документтер (паспорт, аскердик билет, айдоочулук күбөлүк же чет өлкөлүктөр үчүн жашап туруу уруксаты) талап кылынат.

100 миң сомдон жогору операциялар сөзсүз катталат.

Айрым категориядагы кардарлардан (таанымал кыргыз жарандары, белгилүү чет өлкөлүктөр жана башкалар) каражаттын кайдан келип чыкканын тастыкташы керек.

Акча алмаштыруу жайларынын кызматкерлери кардарды Кыргызстандын жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялык тизмесине кирген-кирбегенин текшерүүгө милдеттүү.

Тобокелдүү делген операцияларга кошумча документтер суралып, аны жүргүзүүгө акча алмаштыруу жайынын жетекчиси уруксат бериши зарыл.

Шектүү операциялар тууралуу маалымат Финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүлүшү шартТоктом 14-январдан тарта күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *